Жалал-Абадда селден 20 трансформатор жабыркады
Жалал-Абадда селден 20 трансформатор жабыркады. 23-июлда катуу жааган жамгырдан улам Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында сел жүргөн. Натыйжада Арсланбап, Кош-Терек айылдарында 640тан ашык керектөөчү жарыксыз калды. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жеринде линияларды жана трансформаторлорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.