Ош мамлекеттик университетинин Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды

Ош мамлекеттик университетинин Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Борбордун ачылыш аземине Россиянын билим берүү жана илим министринин орун басары Константин Могилевский баштаган расмий делегация, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, ЖОЖ ректорлору, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышкан.