Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күнгө газ өчүрүлөт. “Бишкекгаз” ишканасынан билдиришкендей, 22-24-июль аралыгында көгүлтүр от Тоголок Молдо, Фере, Саадаев көчөлөрү, Ак-Тилек, Кара-Жыгач конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкек мэриясы №7 троллейбустук каттамды линиясына кайтарууну чечти

  Бишкек мэриясы №7 троллейбустук каттамды линиясына кайтарууну чечти. Муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу анын жүрүү каттамы өзгөртүлдү.   Акыркы аялдамалар мурдагыдай эле Ак-Орго конушу менен Тунгуч кичи районунда жайгашкан. Бирок Киев көчөсү менен эмес, Москва көчөсү аркылуу жүрөт.   Ушул жана… Кененирээк…

Ош шаарынын борбордук базарында селден 750 контейнер жабыркады

Ош шаарынын борбордук базарында селден 750 контейнер жабыркады. Алардын ээлерине 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди.   Ал белгилегендей, каражат каттоодон расмий өтүп, салык төлөп жүргөн жана патенти бар ишкерлерге гана берилет.   Эске салсак, 14-июлда нөшөрлөп жааган жаандан кийин… Кененирээк…

21-кылымдын мыкты спортчулары аталды

21-кылымдын мыкты спортчулары аталды.   Биринчи орунда америкалык суучул, олимпиада оюндарынын 23 жолку чемпиону Майкл Фелпс турат. Экинчиде америкалык теннисчи Серена Уильямс жайгашат.   Анын жеке эсебинде  4 олимпиадалык алтын жана “Чоң Шлем” турниринде 23 жеңиш бар. Үчилтикти футбол боюнча дүйнө чемпиону жана Чемпиондор лигасынын… Кененирээк…

Оштогу сел каптаган базар башка жерге көчүрүлөт

Оштогу сел каптаган базар башка жерге көчүрүлөт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген. Маалыматка ылайык, ал Ош шаарында жана облусунда селден жабыркаган жерлерди көрүп, жапа чеккендер менен жолугушкан. «Мындан ары баары мыйзам чегинде болот. Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар алынат. Базар… Кененирээк…

Кыргызстанда көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынды

Кыргызстанда мындан ары көзү ачыктык, бүбү-бакшычылык, төлгө салуу, сыйкырчылык менен алектенүүнү жарнамалоого жол берилбейт. “Жарнама жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ага президент Садыр Жапаров 19-июлда кол койду.   «Мыйзамдын максаты — оккульттук, сыйкырчылык жана башка анык эмес ыкмалар менен жарандардын аң-сезимине таасир көрсөтүүнү болтурбоо» деп айтылат… Кененирээк…

Нарын облусунун Жумгал районунда жаңы мектеп пайда болот

Нарын облусунун Жумгал районунда жаңы мектеп пайда болот.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, объект 225 окуучуга чакталып, Таш-Дөбө айылында жайгашат.   Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Эски мектептин имараты 40 жыл мурда салынгандыктан, учурда авариялык абалга келген.

“Манас” аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

“Манас” аэропорту штаттык режимде иштеп жатат.   Аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, буга чейин Бишкек – Абу-Даби рейсине каттоодо анча чоң эмес бузуулар аныкталган, бирок ал көпкө созулган жок. Учурда бардыгы кадимки тартипте иштеп жатат, каттамдар жүгүртмөгө ылайык аткарылууда.   Эске салсак, Windows системасындагы ири… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдөн  1 миңдей батир ушул күздө даяр болот

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдөн  1 миңдей батир ушул күздө даяр болот.   Бул тууралуу 24 агенттигине уюмдун басма-сөз кызматынан билдиришти.   Компаниядан белгилешкендей, бардыгы курулуш жана ремонттук иштердин аяктоо мөөнөтүнө жараша болот. Колдонууга бериле турган батирлердин так саны дагы азырынча такталбайт. Белгилеп… Кененирээк…

Боршайком өлкө президентине №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштайт

Боршайком өлкө президентине №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштайт. Буга чейин аталган округдан шайланып келген Тазабек Икрамов өз каалоосу менен мандатып тапшырганы белгилүү болгон.   БШК мүчөлөрү Икрамовдун арызын бир добуштан колдоп, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда… Кененирээк…