Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди

  Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.   Жүк кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Ош облусуна жөнөп кетти. Эске салсак, буга чейин селден жабыркагандарга Өзбекстандан гуманитардык… Кененирээк…

Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустук каттамдар өзгөртүлдү

Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустук каттамдар өзгөртүлдү. Мэриядан билдиришкендей, учурда Абдрахманов – Киев көчөлөр кесилиши жабык.   Буга байланыштуу №12, 31, 145, 195 жана 226 автобус линияларынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасы ачылды

Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасы ачылды.   Чүй облус администрациясынан билдиришкендей, ишканада жылына 3 миң 300 тонна полиэстр жана лайкр кездемесин чыгаруу пландалып жатат. Учурда анда 155 жумуш орду түзүлдү.   Кийин анда 600 адам иш менен камсыз болот деп күтүлүүдө Фабрикада өндүрүлгөн продукциянын 85 пайызы… Кененирээк…

Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу жабылды

Ноокатта кайрадан сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу жабылды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ кечинде жааган нөшөрлүү жаандан кийин Жийде айыл аймагында сел жүрдү.   Трассанын  55-63-чакырымдар аралыгын суу каптап, жол жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Ведомстводон эскертишкендей, өлкөнүн тоолуу… Кененирээк…

Чүй облусунун Москва районунда автоунаа чогултуучу завод ачылды

Чүй облусунун Москва районунда автоунаа чогултуучу завод ачылды. Кыргыз-өзбек ишканасы жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чогултат.   Өндүрүлгөн транспорт Кыргызстандын керектөөсүн камсыздайт, өзгөчө автобустар мектеп окуучуларын ташууга багытталат. Ошондой эле Орто Азия мамлекеттерине экспорт жасалат.   Белгилей кетсек, объекттин курулушу өткөн жылдын майында… Кененирээк…

Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз болууда

Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз болууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына Европа өндүрүшүндөгү SCION GC 8500 газ хроматографы сатып алынды.… Кененирээк…

Каттоодон өткөндөн кийин абитуриенттер 20-июлга чейин окуй турганын тастыкташы керек

Каттоодон өткөндөн кийин абитуриенттер 20-июлга чейин окуй турганын тастыкташы керек.   Билим берүү министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, ал үчүн “Абитуриент онлайн” порталында “жеке кабинет” бөлүмүнө кирип, тастыктоо баскычын басуу керек.   Эгер белгиленген мөөнөткө чейин бул аракет көрүлбөсө, анын орду автоматтык түрдө башка талапкерге өткөрүлөт, — дешти… Кененирээк…

Жалал-Абадда курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдөгү батирлер быйыл берилет

Жалал-Абадда курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдөгү батирлер быйыл берилет.   Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, шаарда 4 көп кабаттуу үйдөн турган “Асман Резиденс” комплексинин курулушу уланууда.   Андагы батирлер “Менин үйүм” программасынын алкагында  25 жылга берилет.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң кымбат футбол бренддери аталды

Дүйнөнүн эң кымбат футбол бренддери аталды.   Лидерлик позицияда мадриддик “Реал” жайгашат, бренддин баасы бир жылда 1 миллиард 81 миллион долларга чейин өстү.   Экинчи орунда англиялык “Манчестер Сити” – 1 миллиард 73 миллион менен орун алат. Үчилтикти “Барселона” бекитет, анын наркы 1 миллиард 65… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы оорукананын курулушу уланууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы оорукананын курулушу уланууда.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, объект Ооган-Талаа айылында жайгашат.   Бүгүнкү күнгө карата иштер 75 пайызга аяктап калды. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Мектеп каалгаларын ушул жылы ачат деп пландалууда.