Токтогулда суунун көлөмү 11 миллиард 519 миллион кубометрди түздү

Токтогулда суунун көлөмү 11 миллиард 519 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 772 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 439 куб метрди түзүүдө. Өлкө энергетиктери электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып келет.   Ушул… Кененирээк…

Өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 22-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Ош облусунда селден жабыркаган насыя алуучулардын маселеси каралат

Ош облусунда селден жабыркаган насыя алуучулардын маселеси каралат.   Бул тууралуу Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев билдирди. Анын айтымында, жарандардын кредиттик операцияларын кайра кароо чечими кабыл алынды.   Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун… Кененирээк…

Садыр Жапаров Өзбекстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кеткенин маалымат кызматы билдирди. Визит эки күнгө созулат. Анын алкагында Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги… Кененирээк…

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бүгүн доллардын расмий курсун 84 сом 94 тыйын деңгээлинде бекитти.   Коммерциялык банктарда америкалык валютанын орточо курсу — 84 сом 72 тыйынды түзөт. Белгилеп кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунан… Кененирээк…

Абдрахманов көчөсүнүн кезектеги тилкеси бүгүн унаа кыймылына ачылат

Абдрахманов көчөсүнүн кезектеги тилкеси бүгүн унаа кыймылына ачылат. Мэриядан такташкандай, кеп анын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.   Эми капиталдык оңдоо иштери Абдрахманов – Киев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод кийинки жылы ачылат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод кийинки жылы ачылат.   Ишкананы кытайлык инвесторлор куруп жатат. Ал 12 гектар аянтты ээлеген санитардык полигондун аймагында жайгашат.   Завод күнүнө болжол менен 850 тонна таштандыны кайра иштетип, ошол эле учурда электр энергиясын өндүрүп чыгат. Эске салсак, эко-техникалык ишкананын курулушуна… Кененирээк…

Чет элдик жарандар эми Ысык-Көлдөн объект сатып алууга укуктуу

Чет элдик жарандар эми Ысык-Көлдөн объект сатып алууга укуктуу.   Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык,  башка өлкөлөрдүн жарандарына убактылуу колдонуу укугу менен объектилер сатылат.   Анын тартибин министрлер кабинети бекитиши керек. Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, чет элдиктер объектилерди гана сатып алса болот,… Кененирээк…

Кытайда айдоочусу жок жүрө турган автобустар жүрүп баштады

Кытайда айдоочусу жок жүрө турган автобустар жүрүп баштады. Автономдук транспорт Шанхай жана Шэньчжэн шаарларында иштеп жатат. Салон 10 жүргүнчүгө чакталган.   Ичинде кадимки автобустардыкындай эле темир кармагычтар бар, ал эми отургучтардын ордуна жумшак дивандар орнотулган. Авариялык чыгуу баскычы дагы каралган.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектиси жабылганына байланыштуу 10 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү

  Бишкекте Чүй проспектиси жабылганына байланыштуу 10 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү.   Бүгүнтөн тарта аталган кең көчөнү калыбына келтирүү иштери башталат.   Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Буга байланыштуу №34, 48, 7, 17, 38, 42, 107,… Кененирээк…