Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты эми үч саатта алса болот

Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты эми үч саатта алса болот.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, ал үчүн Tunduk тиркемеси же электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан “адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берүү” кызматын тандап, арыз калтыруу керек.   Кызматтын баасы… Кененирээк…

Ошто сел каптаган 800дөн ашык турак-жай тазаланды

Ошто сел каптаган 800дөн ашык турак-жай тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюп, жабыркаган жарандарга үйлөрүң тазалоого жардам беришти.   Эске салсак, 14-июлдагы нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, Кара-Суу районунун Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы жана Ош шаарындагы… Кененирээк…

Президент администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында турат

Президент администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында турат. “Ынтымак – Манас Ордо” аталышындагы имарат дээрлик 26 гектар аянтты ээлейт.   Ал Чыңгыз Айтматов проспектисинде, мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордунда жайгашат. Курулуш иштери аяктаганда,   Ак үй дал ушул имаратта жайгаштырылса, Бишкек мэриясы азыркы өкмөт үйүнө көчүрүлөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда жашоо минимуму 8 миң 144 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 8 миң 144 сомду түздү.   Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата маалыматты Улуттук статистика комитети тартуулады. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 388 сомго көп.   Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Ош шаарынын базарында селдин чыгымын эсептөө иштери башталды

Ош шаарынын базарында селдин чыгымын эсептөө иштери башталды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти.   Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү иштеп жатат. Учурда базардын негизги өтмөктөрү тазаланып бүттү. Соода аймагы комиссия ишин аяктагандан кийин ишин жандантат.   Эске салсак, 14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура… Кененирээк…

Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   Сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президенттер кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы заманбап VIP зал ачылды

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы заманбап VIP зал ачылды. Ал “Манас 2” имаратынын экинчи кабатында жайгашкан. Бул тууралуу аталган аба майдандан кабарлашты.   VIP залда жогорку класстагы эл аралык стандарттарга жооп берген шарттар түзүлдү. Эс алуу жана иштөө үчүн атайын бөлмөлөр, эне жана бала бөлмөсү… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы бала бакча курулууда.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Михайловка айылында жайгашат.   Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүрүүдө. Бала бакча ушул жылы колдонууга берилет.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулуша капсула салынды

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулуша капсула салынды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, “Асман резиденс” комплексинде 12 кабаттан турган   8 үй курулат.   Андагы батирлердин жалпы саны – 528. Үйлөр колдонууга 1,5 жылда берилет деп пландалууда. Долбоорго ылайык, жанында спорт зал, унаа токтотуучу жана тамактануучу жайлар жайгашат.  … Кененирээк…

Майыптарга кам көргөн жеке ассистенттерге төлөнчү акы жогорулады

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көргөн жеке ассистент кызматы үчүн төлөм көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалымат боюнча 1-июлдан тарта жеке ассистент төлөмү 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин жогорулаган. «2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж… Кененирээк…