Баткенде сел калдыктарын тазалоого 130 куткаруучу тартылды

Бүгүн саат 10:00гө карата Баткен районунун Ак-Татыр айылынын Аэропорт, Өрүкзар жана Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесинде 131 куткаруучу жумуш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде 10 куткаруучу турак үйлөргө жана короо-жайларга кирген сел калдыктарын тазалап жатышат. Ал эми… Кененирээк…

Жарым жылда бирдиктүү салык боюнча 6 млрд сом чогулду

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын алты айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 6 млрд сом салык чогултту.   Ведомстводон маалымдашкандай, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бирдиктүү салык жыйымдары 239% же 3,4 млрд сомго көбөйгөн. 2024-жылдын 1-июлуна карата салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн… Кененирээк…

Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ кечинде Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесин сел каптаган. Маалыматка ылайык, 130дан ашык тургун эвакуацияланды. Коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн 50сү жаш балдар.   Жаандан улам каптаган сел суулары турак үйлөргө кирип, ички чарбалык… Кененирээк…

Жарым жылда ИДП 560 млрд сомго жетти

Кыргызстанда ИДП ушул жылдын январь-июнь айларында 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.   Ага ылайык, өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта оң тенденциялар байкалып, мында көлөмдүн өсүшү 48,5% болду. Дүң жана… Кененирээк…

Футбол боюнча Европа чемпионатында финалга чыккан жуптар аныкталды

Футбол боюнча Европа чемпионатында финалга чыккан жуптар аныкталды. Чечүүчү беттеште Испания менен Англия кез келет. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча 15-июлда түнкү саат 1де болот.   Эске салсак, буга чейин Евронун биринчи жарым финалында Испания Францияны 2:1 эсебинде утуп алган. Англия жарым финалда Голландиядан күчтүүлүк кылып,… Кененирээк…

Баткендин Ак-Татыр айылынан 130га жакын тургун эвакуацияланды

Селден улам Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинин 130га жакын тургуну эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн 50сү жаш балдар.   Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде сел кесепетттерин жоюу иштери жүрүп жатат.… Кененирээк…

Бишкекте 4 миңден ашык вакансия сунушталат

Бишкекте 4 миңден ашык вакансия сунушталат. 1-июлга карата Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында 4 миң 408 бош орун катталган.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш берүүчүлөр талап кылган адистердин 74 пайызы жумушчу кесиптер.   Белгилеп кетсек, ордо калаада жалпысынан… Кененирээк…

Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык

Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.   Ошондой эле, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду.

Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган бүтүрүүчүлөр президенттин колунан сертификат алды

Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган бүтүрүүчүлөр президенттин колунан сертификат алды. Салтанаттуу иш-чара Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү.   Эске салсак, быйыл мыкты жыйынтыкты 58 окуучу алды. Алар Кыргызстандын каалаган жогорку окуу жайына сынаксыз кабыл алынып, акысыз билим алууга укуктуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Орто-Сай” подстанциясы курулууда

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Орто-Сай” подстанциясы курулууда.   Бул тууралуу ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришти. Көмөк чордон шаардын түштүк-чыгыш тарабында жашаган абоненттерди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт.   Ошондой эле ал электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.