Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында орточо айлык 34 миң 710 сомду түздү

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында орточо айлык 34 миң 710 сомду түздү.   Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдиргендей, 2023-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу өсүү 11 пайызды түзгөн.   Эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш,… Кененирээк…

«Ала-Тоо» эл аралык университети улуттук рейтингдин сап башына чыкты

“Ала-Тоо” эл аралык университети Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингинде 453, 58 балл менен экинчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч окуу жайдын көп тармактуу университет катары туруктуу лидерлигин кайрадан тастыктап, билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда талыкпаган умтулуусун көрсөтөт.   Улуттук рейтинг – окуу жай тарабынан көрсөтүлүүчү… Кененирээк…

Испания курамасы Европа чемпионатынын финалына чейин бардык беттештерди жеңүү менен жетти

Испания курамасы Европа чемпионатынын финалына чейин бардык беттештерди жеңүү менен жетти. Жарым финалда “кызыл фурия” атыккан команда Франция курамасын утуп алды.   Ага чейин Германия жана Түркия футболчуларын жеңген. Ал эми тайпа ичинде испан футболчулары Албания, Италия, Хорватия курамаларынан күчтүү болду.   Финалда жеңишке жетсе,… Кененирээк…

Өзгөн районунун Чымбай айылында жаңы мектеп пайда болот

Өзгөн районунун Чымбай айылында жаңы мектеп пайда болот.   Турдумамат Сарыков атындагы билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталат. Имарат 3 блоктон туруп, анда окуу корпусунан тышкары спорт зал жана галерея каралган.   Курулуш иштери учурга карата 85 пайызга аткарылды. Андан кийин мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери… Кененирээк…

Алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.   Ага ылайык, жашы жете элек балдарды багуудан баш тарткандарга, өз маянасын жашырып же азайткандарга, ишке орношуудан баш тарткандарга кылмыш жазасы каралат. Кыргызстандагы акыркы статистикаларга таянсак, өлкөдө 42 миңден… Кененирээк…

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу толугу менен ачык

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу толугу менен ачык. Бул тууралуу Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүп бүттү.   Эске салсак, эки күн мурун нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымы жана 82-чакырымындагы… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы төрөлгөндөргө коюлган эң популярдуу ысымдар аталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда жаңы төрөлгөндөргө коюлган эң популярдуу ысымдарды атады.   Кыздарга көбүнчө Салиха, Фатима жана Айлин деп ат коюлган. Популярдуулардын тизмесинде Сафия, Амина жана Алия да бар.   Эркек балдарга Мухаммед, Умар жана Али деген ысымдар көп ыйгарылган. Амир, Билал жана Усман деген… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жол кире кымбаттайт

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында коомдук транспорттун баасы 5 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Ага ылайык, 13-июлдан баштап коомдук транспортто жүрүү акысы 20 сом болот. Ал эми пенсионерлерге жана мектеп окуучуларына 10 сом боюнча калат.   Жол кирени көтөрүүгө күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү себеп… Кененирээк…

Ысык-Көлдө баасы 20 млн сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет баасы 20 млн сомдон ашык жер тилкесин мамлекетке кайтарды.   Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Карасаев айыл аймагындагы 1,63 гектар айыл чарба багытындагы жер… Кененирээк…

Жарым жылда Баткен облусуна 241,3 млн сом бөлүндү

Баткен облусу боюнча 2024-жылдын алты айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 240,3 млн сом өлчөмүндө каржыланды.   Каржы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: теңдөөчү трансферт – 169,3 млн сом; айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 26 млн сом; электрэнергия болгон 50% компенсациясына –… Кененирээк…