Кыргызстанда дагы 31 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алышты

“Социалдык контракт” программасынын алкагында Кара-Балтадагы 31 аз камсыз үй-бүлөгө жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Каражаттын бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттен, калганы республикалык казынадан бөлүнгөн.   “Социалдык контракт” программасы аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоого, кошумча жумуш орундарын түзүүгө же… Кененирээк…

10,5 миң жаран ID-картасын акысыз алмаштырууга арыз берди

Кыргызстанда 10,5 миң жаран сары түстөгү ID-карталарды акысыз алмаштырууга арыз берди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.   «Сары түстөгү гана ID-карталар алмаштырылууга тийиш. 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык паспорттор алмаштырылбайт. Анткени алар коопсуздуктун бардык талаптарына толук жооп берет. 2004-жылдын сары түстөгү ID-карталары бар жарандар… Кененирээк…

Ош шаарында №7 автобус каттамга чыкты

Ош шаарында №7 автобус каттамга чыкты. Жергиликтүү Автоунаа муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, бул каттам №107 маршруттук каттамдын ордуна киргизилди.   Автобустар таңкы 6:50дөн баштап кечки саат 22:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Жол акысы 10 сом.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ош облусунда 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод курулат

Ош облусунда 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Тиешелүү меморандумга кытайлык компания менен кол коюлган. Завод дыйкандарды заманбап жер семирткичтер менен камсыз кылып, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга жардам берет деп күтүлүүдө. Анда негизинен аммафос… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №25 жана №175 автобустар каттай баштайт

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №25 жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.   №25 автобустун акыркы аялдамалары Ала-Тоо жана Кара-Жыгач конуштарында болот. Линияга 22 автобус 10 мүнөттүк аралык менен чыгат.   №175 автобустун акыркы аялдамалары Жаштар кварталында жана Маевка… Кененирээк…

Мадриддик “Реалдын” жана Англия курамасынын форварды Джуд Беллингем “Алтын топ” наамына башкы талапкер болду

Мадриддик “Реалдын” жана Англия курамасынын форварды Джуд Беллингем “Алтын топ” наамына башкы талапкер болду.   Талапкерлердин тизмесин France Football спорттук басылмасы жарыялады.   Экинчи орунда бразилиялык Винисиус Жуниор турса, үчилтикти франциялык Килиан Мбаппе бекитет. Белгилеп кетсек, “Алтын топ” наамынын саны боюнча Лионель Месси рекордчу болуп… Кененирээк…

Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду

Кыргызстанда насыянын көлөмү жаңы рекорд койду. Майдын соңуна карата өлкө банктарындагы насыянын көлөмү 275 миллиард 748,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.   Бул — рекорддук көрсөткүч. Мурдагысы 268,9 миллиард сом болуп апрелдин аягында катталган. Эгер жыл аягындагы маалыматтар менен салыштыра турган болсок,… Кененирээк…

Кыргызстанда патент менен иштеген 82 миң 886 ишкер башка салык режимдерине өтүштү

Кыргызстанда патент менен иштеген 82 миң 886 ишкер башка салык режимдерине өтүштү. Бул жалпы көрсөткүчтүн 98 пайызын түзөт, — деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.   Анын ичинен 65 миң 745 субъект бирдиктүү салык системасын тандашкан, ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген базарларда иштеген 17 миң 140… Кененирээк…

Кыргызстанда автогаз дагы деле тартыш болууда

Кыргызстанда автогаз тартыштыгы дагы деле байкалууда. Бул тууралуу айдоочулар билдирип айрым май куюучу бекеттерде автогаз такыр эле жок болуп жатса, кээ бир жерлерде көп убакыт кезек күтүп жатышканын айтышууда. “Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” автогаз тартыштыгы дагы деле бар экенин ырастап, ага чакан компанияларда… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 2026-жылы профицитке чыгат

2024-2025-жылдары Кыргызстандын мамлекеттик бюджети дефицит, ал эми 2026-жылы профицит менен чыгат. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аймактык баяндамасында айтылат. Эске салсак, мамлекеттик бюджет республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бюджет көп жылдар бою дефицитте болсо, былтыр жана 2024-жылдын соңку… Кененирээк…