Бишкектеги Абдрахманов көчөсүнүн эки бөлүгү жабылат

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө (темир жолдон жогорку бөлүгү Байтик баатыр) жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Мэриядан кабарлашкандай, 10-июлдан тарта аталган көчөнүн Ж. Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул кесилиштерге асфальт басуу иши аяктагандан кийин, Абдрахманов көчөсү Москва көчөсүнө чейин ачылат.   Андан… Кененирээк…

УЕФА Европа чемпионатынын эң ыкчам футболчуларын атады

УЕФА Европа чемпионатынын эң ыкчам футболчуларын атады. Рейтинг чейрек финалдын жыйынтыгы менен түзүлдү. Ага ылайык, максималдуу ылдамдыкты Франция курамасынын капитаны Килиан Мбаппе көрсөттү – саатына 36,5 чакырым.   Экинчи орунда Испаниянын чабуулчусу Ферран Торрес жайгашат, ал саатына 36 чакырым чуркайт. Ыкчам футболчулардын үчилтигин Словения курамасынын… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортунда ички рейстердин учуу аймагы оңдоп-түзөөдөн өттү

“Манас” эл аралык аэропортунда ички рейстердин учуу аймагы оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңы залда тиешелүү шарттар каралган эс алуу зоналары, эне-бала бөлмөсү жана намазкана каралган.

Баткен облусунун Кадамжай районунда №41 мектептин курулушу уланууда

Баткен облусунун Кадамжай районунда №41 мектептин курулушу уланууда.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, объект 275 окуучуга чакталып, Көк-Талаа айылында жайгашат.   Имарат эки кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана галереядан турат. Учурга карата курулуш иштеринин 60 пайызы аткарылды. Мектеп окуучуларга… Кененирээк…

Ош облусунда Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда

Ош облусунда Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. “Турмуш” басылмасынын маалыматына ылайык, жеринде 300 адам иштеп жатат, ошондой эле 92 атайын техника тартылды. Жолдун жалпы узундугу 13 чакырымдан ашат.   Күтүлгөндөй, трасса төрт чийиндүү болот. Кара-Дарыя жана Жазы дарыялары аркылуу эки көпүрөнүн курулушу пландалууда.… Кененирээк…

Тоңдо чагылган тийип өлгөн койлор көмүлдү

Ысык-Көл облусунун Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган тийип өлгөн койлор көмүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, кечээ чагылгандын кесепетинен 149 баш кой, 71 баш козу жана 7 эчки, жалпысынан 227 баш мал чыгым болгондугу такталган.   Алар ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү.   Чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган… Кененирээк…

Ошто Юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды

Ош шаарында Юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Юстиция башкармалыгынын имаратынын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Беш кабаттуу имаратта калкка юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар тузүлөт.   Мурунку Ош юстиция башкармалыгынын имараты 1971-жылы курулган жана авариялык… Кененирээк…

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна бир тараптуу каттам берилди

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.   Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымы жана 82-чакырымындагы жол… Кененирээк…

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга тогуз млн сом насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга тогуз млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Фианансы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2» долбоору ишке ашырылууда. Белгиленгендей, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду… Кененирээк…

Бүгүн Испания менен Франция ЕВРО-2024 финалына чыгуу үчүн беттешет

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатында бүгүн биринчи жарым финалдык беттеш орун алат. Мюнхендеги стадиондо Испания менен Франциянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө башталат.   Эске салсак, испаниялыктар бул турнирде 5 беттеште тең жеңишке жетип, 11 гол киргизген. Француздар… Кененирээк…