Ордо калаада Горький көчөсүнүн ремонту бүгүн эмес, 29-июлда башталмай болду

Ордо калаада Горький көчөсүнүн ремонту бүгүн эмес, 29-июлда башталмай болду. Бул көчөнүн унаа кыймылына жабылышы Ахунбаев көчөсүнүн ачылышына карата жылдырылды.   Муну менен Горький көчөсүнүн Айтматов – 7-апрель тилкесин капиталдык оңдоо иштери 29-июлда таңкы саат 6да башталат. Учурда техника тартуу, материал ташуу жана башка даярдоо… Кененирээк…

Селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан 1 миллион сомдон берилет

Селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан 1 миллион сомдон берилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.   Анын айтымында, министрлер кабинетинин чечими менен каза болгон 22 адамдын жакындарына жана турак-жайы жараксыз абалга келген 75 үйдүн ээсине 1 миллион сомдон тапшырылат.  … Кененирээк…

Беш адамга “азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” наамы ыйгарылды

Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевге “азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” наамы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп жатканына байланыштуу аты аталган инсандардын тарых алдындагы эмгегин балоо максатында улуттук лидерлерди журт атасы… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда сел жүрдү

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 254-255-чакырымында сел жүрдү.   ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан «Кабар» агенттигине билдиришкендей, катуу жааган жаандан улам жолго көчкү түшүп, жолду жаап калган. Буга байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Азыркы учурда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жеринде… Кененирээк…

Бишкекте ​жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактар ​​саат 10до башталат

Бишкекте ​жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактар ​​саат 10до башталат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Ал эми мектептерге сабактарды саат 8ден эрте баштоого уруксат берилди.   Мындай чечим ордо калаадагы унаа тыгындарын азайтууга багытталат. Өкмөттөн белгилешкендей, жаңычылдык аскердик… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 29-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү күтүлөт.   Бишкек – Ош, Ош – Сары-Таш – Эркечтам, Балыкчы — Бөкөнбаев, Талды-Суу – Арал, Ош – Исфана жана Боом капчыгайы… Кененирээк…

Кыргызстанда 9 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда 9 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, “Айыл чарбасын каржылоо — 12” долбоорунун алкагында берилген жалпы сумма  3 миллиард 492 миллион сомду түзөт.   Каражат эки мамлекеттик банк аркылуу өсүмдүк өстүрүү жана мал… Кененирээк…

Өлкөдө 3 миң 800 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет

Өлкөдө 3 миң 800 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, учурга карата 2 миң 495 үй-бүлө мамлекет тарабынан каржылык колдоо жана жер тилкесин алган, бирок кооптуу аймактарда жашоосун улантып келет.   Алардын басымдуусу Ош жана Жалал-Абад облустарында жашайт.… Кененирээк…

Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү

Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган.   Максаты — мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ишин жакшыртып, эл аралык рынокко чыгарып, инвестиция тартуу. Мыйзам фонддун укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин аныктайт.  … Кененирээк…

Жыл башынан берки сел элди 1 миллиард 1 миллион сомдук материалдык чыгымга учуратты

Жыл башынан берки сел элди 1 миллиард 1 миллион сомдук материалдык чыгымга учуратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.   Анын айтымында, бул суммага Ош менен Арсланбапты каптаган селдин кесепети кошулса, чыгымдын көлөмү дагы жогорулайт. 24-июлга карата Кыргызстанда жалпысынан 311 сел… Кененирээк…