Миң-Куш айылындагы оорукана капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборун капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, оңдоо иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.   Бүгүнкү күндө, имараттагы демонтаж иштери толук бүтүп, терезелер алмаштырылды, ал эми ички курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлүп, сырткы курулуш… Кененирээк…

Бишкекте №1 шаардык клиникалык оорукананын жаңы корпусунун курулушу башталды

Бүгүн Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасында терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи өттү. Бул тууралуу Салтанатка саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт мамлекетинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, оорукананын жетекчилиги жана жамааты катышты.   Курулушту келерки жылдын сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.… Кененирээк…

АКШда эркекти атасынын белеги миллионер кылды

АКШда эркекти атасынын белеги миллионер кылды. Үйлөнүү тойдон кийин ага атасы лотерея билетин белек кылган. Купон байгелүү болуп чыкты. Америкалык бактылуу жаран бир миллион доллардын ээси болду.   Бул акчага ал үй сатып алып, жубайы менен ата-энесинен бөлүнүп чыгууну пландап жатат.   Ушул жана башка… Кененирээк…

“Түндүк” системасында жаңы мамлекеттик кызматтар пайда болот

“Түндүк” системасында жаңы мамлекеттик кызматтар пайда болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы калкты каттоо департаментинин директору Арсен Минбаев билдирди.   Анын айтымында, жарандар паспортту онлайн алса болот. Бул үчүн арыз берип, сүрөткө түшүү керек. Калкты тейлөө борборуна келип, кезек күтүүнүн кереги жок.   Бардыгын… Кененирээк…

Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу дарбазасында 5 скважина ишке кирди

Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу дарбазасында 5 скважина ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, аталган долбоор Ороктун 12 айылын, ЖЭБ-2 конушун, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарынын жогорку бөлүгүн, ошондой эле Арча-Бешиктин түштүк тарабын суу менен камсыз кылат.   Скважиналарды бургулоо иштери ушул жылдын май айында башталган. Суу дарбазасын кеңейтүүгө 9 гектардан… Кененирээк…

Токмокто 920 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу иштеринин алкагында, Токмок шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген, базар баасы 920 млн сомдук бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 1996-жылы Токмок шаарындагы эки кабаттуу бала бакча жалпы аянты 6900,5 чарчы… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат. Министрлик окуу китептеринин электрондук варианттары https://kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепкана сайтында жайгаштырылганын маалымдайт. Мында окуу китептерин компьютер, телефонго жүктөп же кагаз түрүндө басып чыгарып алса болот.   Ошондой эле 2024-2025-окуу жылында окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлгөн Кыргызстандын… Кененирээк…

Президент кеңешчилери менен жардамчыларын кызматтан бошотту

Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматтан бошотту. Президенттин басма сөз кызматы бул мамлекет башчынын администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынган чечим экенин билдирди.   Маалыматка ылайык, баш-аягы президенттин коомдук башталыштагы жети жардамчысы жана 19 кеңешчиси кызматтан… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга Россияга баруудан баш тартуу сунушталды

Кыргызстандыктарга жүйөлүү себептерсиз Россияга баруудан баш тартуу сунушталды. Тышкы иштер иштер министрлигинен билдиришкендей, мунун себеби аталган мамлекеттин аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режимине байланыштуу.   Зарылчылык жаралса тийиштүү жардам же консультация алуу үчүн элчиликке… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомстводон билдиришкендей, эртең жана бүрсүгүнү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.   Синоптиктер Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт деп билдиришти.   Өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Туруксуз… Кененирээк…