Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
29-декабрдан 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу
Төө-Ашууда, Ала-Белде, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунда,
Ала-Бука-Каныш-Кыя трассасында кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Аталган тилкелерде жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек,- дешти министрликтен.