Кытай кийинки жылы Кыргызстанда көчмө госпиталь тапшырат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын аталган өлкөнүн элчиси Ду Дэвень менен жолугушуусунда жарыяланды.
Эки тарап ошондой эле ковид-19га каршы вакцина берүү боюнча документке кол коюшту. Андан тышкары, 2023-жылы Кыргызстанга кытайлык адистер көз катарактасына операция жасоо үчүн келе турганы белгилүү болду.