Төкмө акын Элмирбек Иманалиевге көзү өткөндөн кийин “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы тапшырылды

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевге көзү өткөндөн кийин “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы тапшырылды.

 

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жаңы имаратынын ачылышында “Манас” эпосун сактоого, айтуучулук өнөрүн жана төкмө чыгармачылыгын илгерилетүүгө кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды.

 

Ага ылайык, манасчы Рысбай Исаковго “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылды.