Бишкекте «Келечек» реабилитациялык борбору ачылды.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үч кабаттуу борбор 88 орундуу.
Анда балдар менен кошо алардын ата-энелерин кабыл алууга шарт түзүлгөн.
Реабилитациялык борбордун курулушу ушул жылдын июнь айында башталган.
Жибек-Жолу көчөсүндөгү борбор мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык турак жайдын ордуна салынган.
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 200 миңден ашат, алардын 36 миңдейи балдар.