Париж туризм үчүн дүйнөдөгү эң кирешелүү шаар деп аталды

Париж туризм үчүн дүйнөдөгү эң кирешелүү шаар деп аталды. Аналитиктердин маалыматына ылайык, Франция борбор шаарынын туризмдин эсебинен экономикага кошкон салымы өткөн жылы 36 миллиард долларга жетти.

 

Бул тизмеде экинчи сапта Пекин жайгашат – 33 миллиард менен, үчилтикти 31 миллиард доллар кирешеси менен Орландо шаары бекитет.

 

Тизмеде ошондой эле Шанхай, Нью-Йорк, Токио, Мехико жана Лондор кирет.