Төө-Ашуу аркылуу кыймыл татаалданды

 

Төө-Ашуу аркылуу кыймыл татаалданды. Калың жаап жаткан карга байланыштуу Бишкек – Ош трассасынын айрым тилкелеринде кар күрткүлөр жана тыгындар жаралды.

 

Андыктан, айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүп, маңдайкы тилкеге чыкпай, этият болуу сунушталат. Жолдо иштеп жаткан атайын техникага тоскоолдук жаратпоо керек.

 

Жеринде жолчулар иштеп, трассаны кардан тазалап, инерттүү материал себилип жатат. Бишкек – Ош унаа жолунун бир катар тилкелеринде куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулган.