Бишкекте Асаналиев көчөсү кыймылга жабылды

Бишкекте Асаналиев көчөсү кыймылга жабылды.

 

Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Красная көчөсүнөн Лев Толстойго чейинки тилкесиннде канализациялык түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүүдө.

 

Айдоочуларга эртелеп башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат. Муниципалитеттен белгилешкендей, канализациялык коллектор Бишкектин түштүк жана батыш тарабындагы турак-жайларды жаңы суу чыгаруу системасына кошууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.