Бишкектен Сиань шаарына түз аба каттамы ачылат

Бишкектен Сиань шаарына түз аба каттамы ачылат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, Кытайдын ири шаарларынын бирине туруктуу каттамдар алгачкы ирет кое берилет. Биринчи учак аталган багыт менен 11-февралга белгиленди.

 

Андан кийин Бишкек – Сиань каттамы жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарылат.