Кыргызстандыктар канча мамлекетке визасыз бара алышат?

Эл аралык консалтинг компаниясынын быйылкы жылдын биринчи кварталындагы дүйнөлүк паспорт индекси боюнча маалыматына ылайык, кыргызстандыктар 66 гана өлкөгө визасыз бара алышат.

Муну менен республика мүмкүн болгон 109 визасыз багыттын саны боюнча рейтингде 81-орунда турат.

Ал эми Япония бешинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун рейтингин жетектейт.

Анын жарандары  227 өлкөнүн 193үнө визасыз бара алат.

Экинчи орунда Сингапур жана Түштүк Корея турат.

Ал эми Афганистандын жарандары 27 гана өлкөгө визасыз баруу мүмкүнчүлүгү менен рейтингде эң акыркы орунду ээлейт.