Кытайдын улуттук компаниясы Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭС курат

Кытайдын улуттук компаниясы Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭС курат. Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрү менен кытайлык корпорация ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Орто-Токой суу сактагычында кичи гидроэлектрстанция пайда болот. Анын кубаттуулугу 21 мегаватты түзөт.