Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБине кайра жетекчи болду

Бишкек жылуулук электр борборуна Нурлан Өмүркул уулу кайрадан директор болуп дайындалды. Маалыматты «Электр станциялары» мекемесинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин ЖЭБди Андрей Воропаев башкарып келген.

 

Нурлан Өмүркул уулу 2018-жылы Бишкек ЖЭБин жетектеп турганда ири авария болгон.

26-январда суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта шаар тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган.

Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай өкмөтү берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

 

ЖЭБдеги авария боюнча бир нече кылмыш иши козголуп, ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир нече аткаминер сот жообунга тартылган.

Нурлан Өмүркул уулу да төрт жылга кесилип, 150 миң сом айып салынып, сот залынан камакка алынган. 2019-жылы 31-майда ага карата соттун өкүмү өзгөрүп, 300 миң сом айып төлөй турган болуп сот залынан бошотулган.

 

Өмүркул уулу 49 жашта, ал эмгек жолун 1992-жылы Бишкек ЖЭБинде машинист болуп баштаган.