Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан тоңгон суу түтүктөр алмаштырылат

Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан тоңгон суу түтүктөр алмаштырылат.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Мындай чечим координациялык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

 

Тоңуп калган суу түтүктөр казып алынып, жаңылары орнотулат. Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган. Калаага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.