Бишкекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордук кеңсе ачылат

Бишкекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоордук кеңсе ачылат.

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Кеңседе биргелешкен чаралар координацияланат.

Күтүлгөндөй, бул долбоорду ишке ашыруу процессин тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эске салсак, учурда кытайлык адистер темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну улантышууда.