Бишкекте митингдерге тыюу 31-мартка чейин узартылды.
Мындай чечимди ордо калаанын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Ага ылайык, Россия элчилигинин жанында, Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Панфилов паркында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун жана УКМКнын имараттарынын жанында ар кандай акцияларды өткөрүүгө болбойт.
Ошол эле учурда чектөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок.
Митинг, чогулуш, акцияларды Горький атындагы бакчада гана уюштурууга мүмкүн.