Жерар Пике жаңы сүйүктүүсү менен түшкөн алгачкы сүрөтүн жарыялады

Жерар Пике жаңы сүйүктүүсү Клара Чиа Марти менен түшкөн алгачкы сүрөтүн жарыялады.

Испания курамасынын мурдагы коргоочусунун сүрөтү Интернетте ажиотаж жаратты.

Алсак, көпчүлүк колдонуучулар анын мурдагы жубайы Шакираны жактап, ага эч ким тең келе албастыгын белгилешкен.

Шакира менен Жерар Пике былтыр июнда ажырашып кетишкен.

Жубайлар 11 жыл бирге жашашкан.

Ажырашууга футболчунун ала жипти аттаганы себеп болгон.