«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү эрте келүүгө чакырат

Бишкек жана Чүй облусунда борбордук көчөлөр бүгүн да маал-маалы менен жабылат.

Мындан улам, “Манас” эл аралык аэропорту” каттоого кечикпөө үчүн жүргүнчүлөрдү аба майданга эрте келүүсүн суранат.

Трассалардагы чектөө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу.