Бүгүн таңкы саат алтыларда Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Жердин силкинүүсү Каракол айылында 5 балл, Кара-Сай айылында 3,5 балл, Каракол шаарында 3 балл, Кажы-Сай айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, андан жабыркагандар катталган жок.