Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети 84 млрд долларга бааланууда

Түркиядагы катуу жер титирөөнүн экономикалык зыяны 84 миллиард долларга бааланууда.

Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Анын ичинен кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү дээрлик 71 миллиард доллар, улуттук кирешени жоготуу 10 миллиард доллардан ашык каражатты түзүүдө.

Бул суммалар ИДПнын болжол менен 10 пайызын түзөт.

Отчетко ылайык, Түркиянын инфраструктурасына, анын ичинде жолдорго жана электр тармактарына, ошондой эле ооруканалар менен мектептерге келтирилген зыян өлкөнүн быйылкы бюджетинин 5 пайыздан ашуун таңсыктыгына алып келиши мүмкүн, ал эми расмий болжолдор 3,5 пайызды түзүүдө.