Кыргызстанда декларация тапшыруунун биринчи этабы башталды.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, быйыл 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:
- Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди аткарган мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
- Мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- Эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
- Жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.
- Ал эми 2026-жылдан тарта бардык жарандар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болот.
- Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилет.