Түркия: Кыргызстан жөнөткөн боз үйлөр тигиле баштады

Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн тигиле баштады.

Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев билдиргендей, 80ге жакын боз үй Кыргызстандын диаспора өкүлдөрүнөн жана студенттеринен, Түркияда жашаган этникалык кыргыздардан түзүлгөн ыктыярчылар тобу тарабынан тигилүүдө.

Бүгүн Түркияга дагы бир атайын учак менен кошумча куткаруучулар тобу, дары-дармектер жана боз үйлөр барат.