Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү.

Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жазылды.

Махмудов өзүнүн салмагында 45 миң упай менен биринчи сапка жайгашты.

Ал 2022-жылды экинчи орун менен жыйынтыктаган.

Аталган рейтингде дагы бир кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков сап башында турат.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта 1-орунда жайгашкан.