Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды

Айсулуу Тыныбекова Египетте өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль тагынды.

 

Кыргызстандык балбан 62 килограмм салмак категориясында килемге чыгып, катары менен Франция, АКШ жана Украинадан келген 3 атаандашын багындырды.

 

Ал эми финалда кытайлык атаандашын 3:2 эсеби менен утуп алды. Буга чейин турнирде күмүш медалды Акылбек Талантбеков ээлесе, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова коло медалдардын ээлери болушту.