Баткенде кыргыз-тажик чек арасында талкаланган социалдык объектилердин курулушу сентябрга чейин аяктап, колдонууга берилет

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында талкаланган социалдык объектилердин курулушу сентябрга чейин аяктап, колдонууга берилет. Бул тууралуу аталган аймактын жашоочулары менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.

 

Анын айтымында, жакынкы арада бала бакча, мектептер жана ооруканалардын курулушу башталат. Иштер толугу менен ушул жылдын сентябрына чейин аякташы керек.

 

Андан тышкары, Баткенде ирригациялык тармактын, гидроэлектростанциялардын жана айыл-чарба объектилеринин курулушуна өзгөчө көңүл бөлүнөт, — деди премьер.