Россиянын компаниясы Кыргызстан дыйкандарынан 5 миң тонна жашылча-жемиш сатып алууга даяр. Бул тууралуу Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынан билдиришти.
Ишкана жашылча жана мөмө-жемиштерди сатууга адистешкен. Анын өкүлдөрү кыргызстандык ишкерлер менен жолугушуп, экспорт маселелерин макулдашты.