Бишкекте бүгүнтөн тарта №35 автобустук каттам ишин жандантты. Ал Батыш унаа бекетинен Чыгыш бекетине чейин жүрөт.
Интервалы 7 мүнөттү түзөт. Жалпысынан бул линияга 14 автобус бөлүндү, алар №113 маршруттук каттамдагы 42 маршрутту алмаштырат.
Алар өз кезегинде Учкун-2 конушунан Фучик көчөсүнө чейин жүргөн жаңы №244 маршруттук каттамга которулду.