Киштиану Роналду 2007-жылдан бери биринчи ирет символдук курамага кирбей калды

Португалия курамасынын жана Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду 2007-жылдан бери биринчи ирет символдук курамага кирбей калды.

 

Эске салсак, түндө ФИФА футбол дүйнөсүндөгү мыктыларды аныктап, наам тапшырды. Ошондой эле, жыл жыйынтыгы менен символдук команда жарыяланды. Ага 11 мыкты оюнчу кирди.

 

Алар Куртуа, Хакими, Ван Дейк, Канселу, Де Брюйне, Каземиро, Модрич, Месси, Мбаппе, Бензема жана Холанд. Криштиану Роналду тизмеде жок.