Кыргызстандыктар мартта кошумча үч күн эс алышат.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 8-март, ошондой эле 18инен 21ине чейин дем алыш күндөрү болуп калат.
Быйыл Нооруз шейшембиге туш келгендиктен, 20-март, дүйшөмбү да эс алуу күнү деп жарыяланды.
Ошентип, улуттук майрамга карата кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат.
Бирок кийинки айда эки ишемби – 11чи жана 25-март иш күндөрү болот.
Бул күндөрү 5 жана 6-январдагы Жаңы жылдык каникулдардагы эс алуу күндөрүнөн иштөөгө туура келет.