ТИМ Казакстандагы кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулады

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эки өлкөнүн башкы дипломаттары Жээнбек Кулубаев менен Мухтар Тлеуберди Астанада өтүп жаткан АКШ-Борбор Азия жыйыны алкагында жолугушкан. Анда чет элдиктердин Казакстандын аймагына кирүүсү жана бул өлкөдө жүрүүсү боюнча жаңы эрежелердин кыргыз жарандарына таасири тууралуу да сөз болгон.

Натыйжада эки жетекчи жакында консулдук маселелер боюнча консультация жүргүзүүнү макулдашты.

Эске салсак, быйыл январдан тарта Казакстанда миграциялык талап жана эреже катаалдады.

Ага ылайык, Кыргызстандын, Россиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат.