Кыргызстанда расмий түрдө жумушсуз деп катталгандардын саны 96 миңди түзөт

Кыргызстанда расмий түрдө жумушсуз деп катталгандардын саны 96 миңди түзөт. Ушул жылдын 1-февралына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.

 

Ведомство маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 4 пайызга төмөндөдү. Эң көп жумушсуз адамдар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына туура келет. Эң азы – Ош шаарында жана Талас, Нарын облустарында.