Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого талапкерлерди жылдыруу бүгүн түндө жыйынтыкталат. Боршайкомдон билдиришкендей, тиешелүү документтерди тапшыруу түнкү 12де токтотулат.
Эске салсак, Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында айылдык кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт. Биринчи жолу добуш берүү процесси электрондук форматта өтөт.
Сыноо иретинде Самаркандек айыл кеңеши тандалып алынды.