ПСЖнын чабуулчусу Неймар келечектеги пландары менен бөлүштү

ПСЖнын чабуулчусу Неймар келечектеги пландары менен бөлүштү. Бразилиялык оюнчуга Парижде жаккандыктан, ал башка клубка кетүү жөнүндө ойлонбойт. Белгилеп кетсек, буга чейин ПСЖ жетекчиси Неймарды сатуу тууралуу ойлонуп жатканы жарыяланган болчу.

 

Эске салсак, Неймардын клуб менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн.

 

Ал ПСЖ үчүн 29 беттеш өткөрүп, 18 гол киргизе алды.