ФИФА версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу наамы Лионель Мессиге берилди

ФИФА версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу наамы Лионель Мессиге берилди.

 

Уюмдун салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи түндө Парижде өттү. Бул наамга Килиан Мбаппе жана Карим Бензема дагы талапкер болгон.

 

Жылдын мыкты дарбазачысы деп дагы бир аргентиналык – Эмилиано Мартинес аталды. Ал эми мыкты машыктыруучу наамын Аргентина курамасынын насаатчысы Лионель Скалони алды. Эске салсак, Лионель Месси башында турган Аргентина Дүйнө чемпионатын багындырды. Финалда алар Франция курамасын утуп алган.