«Агроөнөр жай комплексин каржылоо» долбоору 3 млрд сомго каржыланды

Ушул 17-мартына карата «Агроөнөр жай комплексин каржылоо» долбоору 3 млрд сомго каржыланды.

Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен «Айыл банк» аркылуу 1,5 млрд сом, «РСК банк» аркылуу 1,5 млрд сом берилди.

Эске салсак, аталган долбоор 2022-жылы 3,5 млрд сомго каржыланган.