Бишкектеги сейил бактар жарыктандырылды

Бишкектин түштүк бөлүгүндө жайгашкан «Ынтымак», «Ынтымак 2» жана «Адинай» сейил бактары жарыктандырылды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, иштен чыккан чырактарды алмаштыруу жана калыбына келтирүү иштери “Бишкекжарык” ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, 205 даана мамы сырдалып, 25 даана жарык берүүчү мамылар жарнамалардан тазаланды.