Түркияда ири өлчөмдөгү турак жай курулушу башталды

Түркияда ири өлчөмдөгү турак жай курулушу башталды.

Анын алкагында жыл ичинде 11 провинцияда 46 миңден ашык үй куруу пландалууда.

Зилзаладан жабыркаган аймактарда курулуш башталганын Айлана чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү боюнча министр Мурат Курум билдирди.

Белгилеп кетсек, биринчи этапта 17 миңден ашуун үй курулса, анын 7 миңден ашыгы Кахраманмарашта пайда болот.