Кыргызстанда жол эрежесин бузгандардын саны азаюуда

Кыргызстанда мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин жол эрежесин бузгандардын саны азаюуда.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-марттан бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча мас абалында унаа башкарган 423 айдоочу аныкталды.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч дээрлик эки эсе көп болгон.

Ошондой эле бүгүнкү күндө айып пулдун көлөмү көбөйгөндүктөн жол эрежесин бузуунун бардык түрлөрү кыскарганы белгиленди.