Нарын облусунда эт комбинаты курулат.
Ишкана Ат-Башы районунда жайгашат, курулушка жумшала турган каражат дээрлик 1 миллион долларды түзөт, бул жеке инвестиция, деди эмгек министри Кудайберген Базарбаев.
План боюнча завод 2025-жылы иштеп баштайт.
Анын ишке кириши аймакта 80 жаңы жумуш орундарын түзөт.
Министр кошумчалагандай, быйыл облуста Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жана Куланак ГЭСинин курулушу жанданат.
Бул объектилерди ишке киргизүү 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына киргизилген.