Сауд Арабиясында дүйнөдөгү эң чоң суу үстүндөгү шаар пайда болот

Сауд Арабиясында дүйнөдөгү эң чоң суу үстүндөгү шаар пайда болот. “Супер яхта” 60 миң конокко эсептелет. Анын узундугу 550 метр болсо, кеңдиги 610 метрди түзөт.

 

Аймакта мейманканалар, көп кабаттуу үйлөр, хан сарайлар, соода борборлору жана эс алуу бакчалары жайгашат. Курулуш иштерине 5 миллиард доллар багытталат. Суу үстүндөгү шаарча 8 жылда даяр болот деп күтүлүүдө.